Кайли Женнер күйөөсү менен ажырашкандан кийин хан сарайын арзан баада сатууга койду

Америкалык модель Кайли Женнер менен рэп аткаруучу Трэвис Скотт эки башка жолго түшкөндөн кийин АКШнын Беверли-Хиллз шаарында жайгашкан хан сарайын сатышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кайли менен Трэвисти ортодогу балдары гана эмес 2-3 айдан бери сатыкта турган хан сарайы дагы байланыштырат. Эң кызыктуусу жылдыздуу түйгөйлөр жашаган хан сарайга ээлик кылгысы келгендер жокко эсе. Ушул себептен алар үйдүн баасын 2 миллион долларга арзандатып, 20 миллион далларга сатыкка коюшкан.

Имарат 1970-жылы курулган. Жылдыздар сатып алганга чейин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Кайли менен Трэвис дагы өздөрүнө ылайыктап өзгөртүүлөрдү киргизишкен. 900 чарчы метрди түзгөн хан сарайда 7 уктоочу жана 10 жуунучу бөлмө, кинотеатр, оюн бөлмөсү менен бар, эс алуучу бөлмө жана ашканага өтүп кете турган чоң фойе бар. Курулуш иштерине колдонулуучу материалдар "саркеч болушу керек" деген талап менен курулган. Ашкана табигый мрамордон, полдору кымбат баалуу жыгачтан жасалган.

Эскерте кетсек, 25 жаштагы модель Кайли Женнер менен 31 жаштагы рэп аткаруучу Трэвис Скотт 2018-жылы бул хан сарайды 13,5 миллион долларга сатып алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Агата Кристи
2023-04-05 15:59:00
Мунун уйун аябай мактапсынар го 7 уктоочу болмо, 10 жуунучу болмо деп))) кыргыздардан эчким сатып албайт не мынча деталдары менен жазасынар тообо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан