General Motors автомобиль корпорациясы 5 миң жумуш ордун кыскартат

Америкалык эң ири General Motors автомобиль корпорациясы каражат үнөмдөө үчүн 5 миң жумуш ордун кыскартат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дал ушул максатта General Motors корпорациясы өз ыктыяры менен кеткен кызматкерлерине компенсация төлөп берүү программасын ишке киргизди. Жумуш орундарын "ыктыярдуу сатып алуу" программасынын алкагында, компания жылына 1 миллиард доллар үнөмдөйт. Алар жумушчуларды мажбурлап кыскартпоо үчүн ушул чараны колдонушууда. General Motors каражатын үнөмдөөгө мажбур, себеби корпорация бир нече жыл ичинде 35 миллиард доллар инвестиция кылууну пландоодо.

Эске салсак, General Motors 2008-жылга чейин дүйнөдөгү эң ири унаа өндүрүүчү корпорациясы аталып келген. Ал эми 2014-жылдын жыйынтыгы менен сатылган унаалардын саны боюнча үчүнчү орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан