Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москванын Таган районунда ооз ачуу маалында Кыргыз жарандары массалык түрдө кармалды делген маалымат боюнча комментарий берди.
"Бул факты боюнча элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери Москванын Таган районунун ички иштер бөлүмүнө барды.
Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча элчиликтин көмөгү менен кармалган бардык Кыргыз жарандары Орусиянын аймагынан административдик чыгаруу түрүндөгү административдик жаза колдонулбастан бошотулду", - деп билдиришти мекемеден.
Мындан тышкары кармалгандардын тамак-ашсыз жана суусуз калганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес.
Элчиликтен белгилешкендей, социалдык тармактарда Таган районундагы коомдук тамактануу жайларынын биринде ооз ачуу убагында Кыргыз жарандарынын массалык түрдө кармалгандыгы тууралуу маалымат тараган.