Жогорку Кеңеш пенсиялык куракты жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун четке какты


Бүгүн, 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашов сунушталган мыйзам долбоору калк турмушуна терс таасир берерин айтып, анын ичинен тоолуу райондордо жашагандардын пенсияга чыгуу курагын көтөрүү элдин кызыкчылыгына каршы келерин кошумчалады.

Эл өкүлү Балбак Түлөбаев менен Адахан Мадумаров биринчи окууда бир канча нормаларды өзгөртүү шарты менен колдоп беришкенин эске салып, бирок бүгүн эч нерсени өзгөртпөй ошол эле документти алып келишкенине нааразы болушту.

Түлөбаев мыйзам долбоорун четке кагуу сунушун берди. Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, четке кагылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан