Жол эрежесин бузуу үчүн айыпты өз убагында төлөбөгөндөргө кошулган туумду алып салуу сунушталды

Өлкөдө жол эрежесин бузуу үчүн айыпты өз убагында төлөбөгөндөргө кошулган туумду алып салуу сунушталды. Мындай демилгени Ички иштер министрлиги көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарды.

Демилгечилер бул кадамдын арты менен жарандардын бийлик органдарына болгон ишеними арта турганын белгилешкен.

Ошол эле учурда буга чейин айып төлөөдө туумдарды алып салуу суранычы менен көптөгөн унаа ээлери министрликке кайрылып келгени кошумчаланган.

Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан