6-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 6-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн 5…7°, күндүз 13…15° жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан