Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров видеоконференция режиминде бир катар эл аралык сүйлөшүүлөрдү жана жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалыматында жазылат.
Ага ылайык, Жапаровдун алдыңкы банктык корпорациялардын, инвестициялык фонддордун жана консалтингдик фирмалардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрү 5-апрелде орун алды.
"Министрлер кабинетинин төрагасынын маектештери аларды өлкөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы жана эл аралык инвестициянын олуттуу көлөмүн өздөштүрүү боюнча республиканын потенциалынын кыйла жогорулаганы кызыктырып жатканын белгилешти.
Акылбек Жапаров “акыркы эки жылда Кыргыз Республикасы өнүгүүгө карай туруктуу багыт алды” деп билдирди.
Видеоконференцияга катышкан тараптардын ар бири менен жакынкы апталарда жеке жолугушуу форматында сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди" деп айтылат маалыматта.