Бишкекте бир катар маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү (схема)

Бишкекте бир катар коомдук транспорттордун маршруттук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Бул туурасында мэриядан маалымдашты.

Ага ылайык, №136, №135 маршруттук каттамдардын кыймыл схемасы жана №48 автобустун багыты өзгөртүлдү.

№135 кичи автобустун кыймыл схемасы

№136 кичи автобустун кыймыл схемасы

№48 автобустун кыймыл схемасы


Асаналиев көчөсүнө канализациялык коллектор төшөлүп жаткандыгына байланыштуу унаа кыймылы өзгөргөнү кабарланды.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап коюуну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан