Александр Крестинин кызматтан кеткенден кийин кайрылуу жасады

"Ак Шумкарлардын" мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматтан кеткенден кийин кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда ал улуттук курама команданын бардык футболчуларына, күйөрмандарга өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

"Мага келечекке жол ачкан Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын жана сыймыктанам. Бул улуттук курама команданын оюнуна ар дайым көз салам. Менин жүрөгүмдө биздин биргелешкен ишибиз өзгөчө орунда турат. Алга, Кыргызстан!

Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучулар штабына көп жылдар бою чогуу иштегенибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз абдан узак жолду басып өттүк, ал аяктады. Биздин иш учурунда көп нерселер болду. Сиздерге келечекте эң жакшы нерселерди каалайм. Стадионубузду толтурган күйөрмандарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Көптөгөн абдан жакшы көз ирмемдерди баштан өткөрдүк, ар дайым бирге болдук. Биз дайыма футболго берилгенбиз. Биздин күйөрмандар эң мыкты. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун орду өзгөчө. Ошондой эле Кыргызстандын футбол союзуна, бардык кызматкерлерге биргелешкен ишибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Баарына ийгилик, эч кандай жаракат жана футболдо көп убакыт болуу", - деди Крестинин кайрылуусунда.

3-апрелде Кыргыз футболдук союзу Александр Крестинин өз ара чечим менен кызматтан кеткенин билдирген. Анын ордуна орусиялык Андрей Канчельскис келиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан