Жалал-Абадда 7-апрель Элдик революциясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад шаарында 7-апрель - Элдик революциясында курман болгондор эскерилди. Иш-чарада революцияда курман болгондордун эскерүү тактайчасына гүлчамбар коюлуп, куран окулду.
Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чара "Эркиндик" аянтында өтүп, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, тургундары, окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер катышты.

"Шаар мэри Ормоков 13 жыл мурда бул күнү кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя орун алганын белгилеген. Ошондой эле ар дайым эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылышы керектигин айтты", - деп билдиришти мэриядан.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан