Алматыда дизелдик отунга болгон суроо-талаптын курчушуна байланыштуу бир катар май куюучу жайларда чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Акимиат дизель майынын тартыштыгы бир нече себептерден улам келип чыкканын белгиледи.
«Акыркы убакта Алматы облусунда жергиликтүү тургундар жана транзиттик унаа ээлери тарабынан дизелдик отунга суроо-талап күч алды. Мындан улам керектөөнүн көлөмү 30-35 пайызга өстү. Айрым май куюучу жайларда май берүү үзгүлтүккө учурап, цистерналар өз убагында толтурулбай калып жатат», - дешти аткаминерлер.
Шаар тургундарын, автобус парктарын жана коммуналдык кызматтарды камсыз кылуу максатында айрым май куюучу жайларда дизель майы чектелген лимит менен сатылууда.
«Жолдордогу дизель майы көзөмөлдөнүп, башка аймактардагы вагондордун бош туруп калуусу боюнча маселелер тез арада чечилип жатат», - деп түшүндүрдү Алматынын акимиаты.
Чымкент мунай заводунда оңдоо иштери аяктагандан кийин абалдын турукташуусу күтүлүүдө. Энергетика министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, иш апрель айынын биринчи он күндүгүндө бүткөрүлөт.
Алматыда 213 май куюучу станция бар, анын ичинен 176 май куюучу станция (82 пайызы) алты ири тармакка таандык. Шаарды күйүүчү-майлоочу май менен үч мунайды кайра иштетүүчү завод камсыздайт: Чымкенттеги «Петро Казахстан Ойл Продактс» (40 пайыз), Павлодар мунай-химиялык заводу (35 пайыз) жана Атырау мунайды кайра иштетүүчү завод (25 пайыз).
«Чымкент мунайды кайра иштетүүчү завод капиталдык оңдоого жабылгандан кийин, 15-марттан тартып Алматыга дизелдик отун берүү токтотулган. Бул мезгилдин ичинде алар Павлодар мунай-химия комбинаты жана Атырау мунайды кайра иштетүүчү заводдордон алган 12 миң тоннага жакын майы бар болчу. Бүгүнкү күндө шаардын ири тармактык май куюучу жайларында жана мунай базаларында 8,8 миң тоннага жакын дизель майы бар, 4-5 күндүн ичинде дагы 4,7 миң тоннага жакын дизель майы жеткирилет», - деп кошумчалады жетекчилер.
Эске сала кетсек, буга чейин Алматы шаарынын жана облусунун тургундары май куюучу жайларда дизелдик отундун жоктугуна нааразычылыгын билдиришкен. Алардын айтымында, 15-марттан бери дизель майын чекене сатып алууга мүмкүн болбой жатат.