"Жаан жаайт". 7-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 7-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +13…+15 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан