Ушул жылдын апрель айынан тарта В жана С вирустук гепатиттерин аныктоо жана дарылоо боюнча өлкөнүн жарандары үчүн акысыз кызматтар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын апрелинен тарта В жана С вирустук гепатиттерин аныктоо жана дарылоо кызматтарын көрсөтүү боюнча программа башталууда. Бул программа В жана С вирустук гепатиттери менен байланышкан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын аткаруунун алкагында иштейт.
В жана С вирустук гепатиттерин баштапкы диагностикалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр Кыргызстандын бардык жарандары үчүн жашаган жери боюнча жалпы дарыгерлик практика борборунун же үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгеринин жолдомосу боюнча жеткиликтүү болот. Баштапкы жыйынтыктар оң чыккан учурда В же С вирустук гепатиттерине кошумча текшерүү жалпы дарыгерлик практика борборлорунда же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт.
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлору (мурдагы СПИД борборлору) вирустук гепатиттерге текшерүү үчүн кан чогултушпайт. В жана С вирустук гепатиттерин аныктоо боюнча бардык изилдөөлөргө бейтаптын каны жашаган жери боюнча гана алынат.
Өзүндө В же С вирустук гепатитинин бар экендигин билген бейтаптарга колунда болгон медициналык изилдөөлөрдүн бардык жыйынтыктарын жалпы дарыгердик практика борборлорунда же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда көрсөтүп, жашаган жери боюнча дарыгердин каттоосунан өтүү (каттоого туруу) сунушталат.
В жана С вирустук гепатитин дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн бейтаптар жашаган жериндеги жалпы дарыгердик практика борборлорундагы же үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы гепатитти дарылоо боюнча жооптуу дарыгерге кайрылышы керек.
Программанын биринчи этабында артыкчылыктуу (чукул) тартипте дарыланууга муктаж болгон Кыргызстандын жарандары гана дарылоодон өтүшөт:
В жана С вирустук гепатиттери менен ооруган, дарыланууга муктаж болгон бейтаптардын калган категориялары тизмеге киргизилип, кезегин күтүшөт. Бул бейтаптар 2023-жылдын экинчи жарымында дары-дармектерди сатып алгандан кийин дарылана баштайт.
В жана С вирустук гепатиттерин дарылоо боюнча акысыз кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине төмөнкүлөр кирет:
- дарыгерлердин консультациялары;
- вируска каршы дарылар менен камсыздоо (дарылар ай сайын дарыгердин көрсөтмөсү менен берилет);
- жашаган жери боюнча жалпы дарыгердик практика борборлорунун же үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында ИФА ыкмалары менен В жана С вирустук гепатиттеринин маркерлерин изилдөө;
- вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун базасында ПЦР ыкмалары менен В жана С вирустук гепатиттердин маркерлерин изилдөө.
Лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрү (боордун УЗИси, Фиброскан, МРТ жана башкалар) бейтаптын эсебинен жүргүзүлөт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары жашаган жери боюнча жалпы дарыгерлик практика борборлорунда же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда В вирустук гепатитине каршы акысыз эмдөөдөн өтө алаарын эскертебиз. Вакцинанын биринчи дозасы берилгенге чейин ИФА ыкмасы же ыкчам-тест менен В вирустук гепатитине текшерилүү эмдөөдөн өтүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
В жана С вирустук гепатитин аныктоо жана дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жалпы координацияны Республикалык, Бишкектеги жана облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлору жүргүзөт.