33 жаштагы Максим Чернышов өмүрүндө биринчи жолу өздүгүн тастыктаган документ алды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Бүгүн, 6-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын конок үйүндө 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, үй-бүлөлүк шартка жана жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн Чернышов Максим Алексеевичти кабыл алды.
Көрүлгөн чаралардын негизинде, 33 жаштагы Чернышовго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн керек болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген.
2023-жылдын 16-мартында Максим Чернышов УКМКнын төрагасына Кыргызстандын паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен видеокайрылуу жасаган.
Аны 1990-жылы ата-энеси Октябрь райондук балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен, ал жерден 3 күн ичинде аны Чернышов Алексей Максимович (1994-жылы каза болгон) жана Чернышова Татьяна Васильевна (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.
Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын, себеби ата-энесинин жана Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок болгондугуна байланыштуу ала албаганын айткан.