Министр Жээнбек Кулубаев Сербиянын тышкы иштер министри менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөштү

Бүгүн, 6-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сербия Республикасынын тышкы иштер министри Ивица Дачичтин тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-серб кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, аны бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу саясий консультацияларды кайра жандандыруу жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу саясий кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташтыкты чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, министр Кулубаев биргелешкен кызматташуунун келечектүү багыттарын - айыл чарба, туризм, гидроэнергетика, автомобиль жана кайра иштетүү өнөр жайы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, «жашыл экономикага» өтүү жана башкаларды белгиледи.

Өз кезегинде Ивица Дачич Кыргызстан менен Сербия достук мамиледеги өлкөлөр экенин белгилеп, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактары менен бирге, эки тарапты тең кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө практикалык кызматташууга өтүү зарылдыгын белгиледи.

Жарандардын эркин өз ара саякаттоосу жана эки өлкөдө туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жаткан эки өлкөнүн ортосунда визасыз режимдин бар экендигин тышкы саясат ведомстволорунун башчылары канааттануу менен белгилешти.

Ошону менен бирге тараптар аймактык күн тартибин талкуулап, меморандумга кол коюшту. Эки тараптуу диалогду улантуу максатында Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич министр Жээнбек Кулубаевди Сербияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан