Ак-Ордодогу жер маселеси: Жер саткан дагы бир аял кармалды

Ак-Ордодо алдамчылык жолу менен жер саткан дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кармалган Э.А. аттуу жаран 2010-2019-жылдары Ак-Ордо жаӊы конушундагы №498, 511, 519 контурларда жайгашкан жалпы аянты 12,7 га үлүш жерлерин өз өзүнчө аянты 4 сотыхдан бөлүп, турак-жай курууга мыйзам талаптары боюнча жол берилбестигин билип туруп, жарандарга 1500дөн 5000 долларга чейин баалап ишеним кат менен сатып жибергендиги аныкталган.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин ушул эле кылмыш ишинин алкагында Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жарандар кармалышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2023-04-06 17:14:00
Мынча куник коркунучтуу катын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан