Башкы прокуратура тарабынан Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козгоду.
Мекеменин маалыматына караганда, текшерүүдө Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана башка алдамчылык жолу менен жер сатып алектенген адамдар Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерди документтерди жасалмалоо менен жеке менчикке чыгарып сатышканы аныкталган.
Кылмышка шектүү катары кармалгандар:
- райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары А.Б.;
- башкаруу боюнча адис С.Т.;
- райондук мамлекеттик реестринин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.;
- облустук мамлекеттик реестрдин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн мурдагы картографы А.О.;
- аталган кызматтын мурунку картографы Д.А. жана М.Р. аттуу жаран.
Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүп жатат.