Президент Сербиянын министрин кабыл алды

Бүгүн, 6-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин мааымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында тараптар кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашты.

Жапаров эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууга толук мүмкүнчүлүк барын, Кыргызстан серб өнөктөштөрү менен биргелешип иштөөгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Дачич бул сапары тарыхый экенин, анткени ал Сербиянын акыркы 25 жылда расмий иш сапары менен келген биринчи тышкы иштер министри экенин айтты. Ал эки өлкөнүн көп маселелер боюнча позициялары окшош, бирок эки тараптуу кызматташуу дагы эле жетиштүү деңгээлде өнүгө электигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Сербиянын ортосунда түрдүү тармактарда достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан