Бишкектин Биринчи Май райондук акимчилиги 2010-жылдагы Апрель окуясынын 13 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага каза болгондордун үй-бүлөлөрү, ошондой эле апрель окуясынын катышуучулары чакырылган.
Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каза болгондордун, жабыркагандардын жана апрель окуясынын катышуучуларынын 47 үй-бүлөсү каттоодо турат, аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлүп, анын ичинен 4 каза болгондордун үй-бүлөсүнө 10 миң сомдон, 22 жабырлануучуга 5 миң сомдон, ал эми 21 катышуучуга 2000 сомдон берилет.
Апрель окуясынын он үч жылдыгына карата борбор калаанын Октябрь району да ооз ачууга 120дан ашык катышуучуну чакырды. Иш-чарада катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, өлкөбүзгө тынчтык жана туруктуулукту каалашты.
Райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 114 адам каттоодо турат, анын ичинен 17 жесирге 10 миң сомдон, 69 жабырлануучуга 5 миң сомдон, 28 баатыр-катышуучуга 20 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлөт.
Ленин районунун акимиаты 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучуларына ооз ачуу уюштурду.
Райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө, апрель окуясында каза болгон, жабыркаган катышуучуларынын 38 үй-бүлөөсү каттоодо, аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт, анын ичинен каза болгон 38 үй-бүлөөгө 10 миң сомдон, 60 жабырлануучуга 5000 сом, 31 катышуучу 2000 сомдон алат.
Ошондой эле Орозо айынын урматына Свердлов райондук администрациясы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын катышуучуларын эскерүү иш-чарасын өткөрөт.
Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каза болгондордун 58 үй-бүлөсү, 32 жабырлануучу каттоодо турат, аларга бир жолку материалдык жардам, анын ичинен 9 каза болгондордун үй-бүлөөсүнүн ар бирине 10 миң сомдон, жабыр тарткандарга 5000 сомдон, ал эми катышуучулар 2000 сомдон алышат.
Иш-чаранын соңунда каза болгондорго багышталып куран окулду.
"Иш-чара президенттин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, Бишкек шаарында үй-бүлөлүк майрамдарды жана эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү эрежелерин сактоо менен өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.