Ливан Израилге ракеталык сокку урду

Израилдин Ливан менен чектешкен бир нече шаарында аба коркунучунан улам сиреналар жаңырды. Бул тууралуу Израил армиясынын билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Израилдин абадан коргонуу системалары Ливан тараптан учуп келген бир нече ракетаны кармашкан. Маалот-Таршиха шаарынан анча алыс эмес жерде бир киши жаракат алган.

Атылган ракеталар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Бирок Ливандын "Хезболла" партиясы Аль-Акса мечитиндеги окуяга жооп боло тургандыгын айткандан көп өтпөй ракеталар Израилдин аймагына келген.

Израилдин премьер-министри бул талкуулана тургандыгын жана кырдаалга баа берилерин айтты.

Эске салсак, 5-апрель күнү кечинде Израиль полициясы Орозо айында Аль-Акса мечитине чогулгандарга кирип барып, фейерверк ыргытышкан. Жыйынтыгында кагылышуу орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан