Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында көрсөтүлөт.
Сынактын жыйынтыгында:
- Баткен облусунда тестирлөөгө 34 талапкер катышып, анын ичинен 5 адам (60 пайыз) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 4 талапкер жеңүүчү деп табылды.
- Жалал-Абад облусу боюнча тестирлөөгө 58 талапкер катышты. Анын ичинен 14 адам босого баллдан өтүп, жеңүүчү аталды.
- Талас облусунда жалпы тестирлөөгө 6 талапкер катышып, 3 адам босого пайыздык чектен өттү. Жыйынтыгында 1 талапкер жеңүүчү болду.
- Нарын облусу боюнча тестирлөөгө 16 талапкер катышып, 13 адам 60 пайыз босого баллдан өттү. Андан 6 адам жеңүүчү аталды.
- Ысык-Көл облусунда жалпы тестирлөөгө 14 талапкер катышып, 5 адам босого балл же андан жогору упай алды. Жыйынтыгында 4 адам жеңүүчү аталды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 8, Нарын облусунда – 7, Талас облусунда – 4 ваканттык орун бар болчу.