"Мерия". Ошто коомдук транспорттогу жазуулар текшерилди (фото)

Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу атайын каттамдардагы транспортторго илинген маалыматтар жана багыттарды көрсөткөн жазуулар текшерилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында уюштурулган рейдде тил эрежелери сакталбаган транспорт ээлерине эскертүүлөр берилди.

Айдоочуларга даректерди жазууда катачылыкка жол бербөө зарылдыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан