Садыр Жапаров жана министрлер "Ата-Бейитке" барып куран окушту (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерди.

«Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев катышты.

Алар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окуп, эскеришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Datka7777
2023-04-07 14:49:00
Акылбек Жапаров менен Нурлан Шакинин барганга моралдык укугу жок! Бири Таласта катындын кийимин кийип качканы экинчиси Бакиевдин каналын башкарып бир беткей маалымат бергенин унуттубу
0
Хонор
2023-04-07 17:31:00
7-апрель эч кандай майрам эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан