Нарында жүк ташуучу унаасы менен сууга түшүп кеткен айдоочунун сөөгү табылды

Нарында куткаруучулар жүк ташуучу унаасы менен сууга түшүп кеткен айдоочунун сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар бүгүн, 7-апрелде саат 09:12лер чамасында жүк ташуучу унаасы менен сууга түшүп кеткен 31 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочунун жансыз денесин муздун алдынан алып чыгышты.

Белгилей кетсек, Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кен комбинатында иштеп жаткан айдоочу жүк ташуучу унаасы менен сууга түшүп кеткендиги тууралуу кабар 5-апрелде саат 16:40та 102 кызматынан түшкөн. Кырсык катталган жерге Нарын облусу боюнча башкармалыгынан, Нарын шаары жана Нарын району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн суучул-куткаруучу жана 5 кызматкер жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан