Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франция президентинин кеңешчиси Изабель Дюмон менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде министрликтен билдиришти.
Анда Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
"Министр Кулубаев жигердүү саясий байланыштарды колдоо, өз ара соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, эки тарапты кызыктырган түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маанилүү экенин айтты. Ошондой эле министр өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын келечегине токтолуп, бул багыттагы долбоорлорго франциялык инвесторлорду жана адистерди тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи" деп айтылат маалыматта.
«Electricité de France» компаниясы менен долбоорлор боюнча кызматташууну улантууга тараптар кызыкдар экенин билдиришти.
Мындан тышкары тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.