Бишкекте орозо күнүндө айдоочуларга ооз ачууга курма менен суулар таратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Жолдогу айдоочулар жумушунан чыгып, үйүнө бара жаткан учурда көпчүлүгү ооз ачууга жетишпей калып жатышат. Ошого байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын адистештирилген ротасы жолдогу айдоочуларга жетекчиликтин тапшырмасы менен ооз ачарга суу менен курма таратышты", - деп жазылат билдирүүдө.
Айдоочулар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин мындай сооп иштерине ыраазычылыгын билдирип баталарын берип жатышты.
"Башкармалык тек гана жол кыймылынын коопсуздугуна көңүл бурбастан, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, карылар үйүнө жана жардамга муктаж болгон жарандарга колдон келишинче жардамын берип келет", - деп кошумчалашты ЖКККББдан.