Израиль жардыруулардан кийин резервдеги аскерлерине мобилизация жарыялады

Өлкөдө орун алган жардыруулардан кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху резервдегилерди мобилизациялоого буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин Тель-Авивде жардыруу болуп, бир адам каза болсо, кеминде алтоо жарадар болгон. Резервчилерди мобилизациялоо полицияга жана Израиль армиясына тапшырылган.

"Премьер-министр жарандарды коопсуздук кызматынын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 7-апрель күнү кечинде Тель-Авив шаарында унаа топ адамдарды келип сүзгөн. Унаанын айдоочусу жок кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан