Жол жээгинде мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү майлар тазаланууда. Үч айда 807 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмү жол жээгинде мыйзамсыз башаламан күйүүчү майларды сатып жаткан жарандарга карата тийиштүү чараларды көрүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келишет.
Бул күйүүчү майларды сатууда эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбай, күйүп кетүү же жарылып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан андай нерселердин алдын алуу максатында сатып жаткан жарандарга түшүндүрүп, мыйзам бузгандарга карата ар бирине 3000 сомдон айып салууда.
Жыл башынан тартып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкө аймагында мыйзамсыз күйүүчү май саткан 269 факты аныкталып, жалпы 807 миң сомго айып салынган. Ошондой эле 19 435 литр мыйзамсыз күйүүчү майлар мамлекеттин карамагына алынган.
Калктын коопсуздугун камсыздоо максатында мындан ары да бул багытта иш дагы күчөйт.