Караколдо “Кайрымдуулук дүкөнү” уюштурулуп, муктаждарга тамак-аш бекер таратылууда

Каракол шаарында ыйык Орозо айында өзгөчө кайрымдуулук иши өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Каракол шаарынын “Иброхим Ажы” мечитинин имамы Рустам Ыбыкеев билдирди.
Анын айтымында, мечиттин жанында атайын “Кайрымдуулук дүкөнү” уюштурулуп, бир ай бою муктаждарга бекер тамак-аш таратылмакчы. Башкача айтканда, кайрымдуу адамдар келип тамак-аштарды “Кайрымдуулук дүкөнүнө” калтырып кетишет, ал эми тамак-ашка муктаждар келип алып кетишет.
“Оорулуу адамды зыярат кылуу, муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман бир туугандын зарылчылыгын бүтүрүү жана башка ушул сыяктуу амалдар өтө сооптуу жана таасирдүү иштерден. Колубуздан келишинче кайрымдуулук кылып, муктаж бир туугандарыбызга жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз”, - деп белгиледи Рустам Ыбыкеев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан