Казакстанда айдоочусу жок автобус адамдарды тебелеп кетти

Коңшу Казакстандын Шымкент шаарында айдоочусу жок автобус аялдамада турган адамдарды келип сүзүп, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 8-апрель күнү 18:30 чамасында болгон. Анда автобустун айдоочусу автобусту эңкейишке кол тормозу (ручной тормоз) менен токтотуп, өзү түшүп кеткен. Жыйынтыгында автобус жылып кетип, катуу ылдамдыкта барып аялдамада турган адамдарды сүзгөн.

Жыйынтыгында 4 адам окуя болгон жерден каза болду. Дагы үч адам оор абалда ооруканада.

Полиция бул боюнча териштирүү иштерин баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан