Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын эки жараны катуу жол кырсыгына кабылып, бири каза болду. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгып, кийинчерээк Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-апрелге караган түнү болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны айдоочу башкара албай, унаа мамыга урунуп, чачырап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын жараны 1993-жылы туулган Б.кызы.А каза болду. Экинчи жабырлануучу Д.Асранкулованын сөөгү сынып, көкүрөгүнөн жаракат алып ооруканага жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
"Учурда Башкы консулдук маркумдун жакын туугандары менен биргеликте сөөктү Кыргыз Республикасына "Груз-200" менен жөнөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.