Садыр Жапаров Гурбангылу Бердымухамедовго көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго анын апасы Огулабат Бердымухамедованын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Сиздин апаңыз Огулабат Бердымухамедованын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана маркум апаңыздын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Сиздин баштан өткөрүп жаткан орду толгус жоготууңузду тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго да көңүл айтты.

Белгилей кетсек, Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы 7-апрель күнү Ашхабадда каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан