Бишкектин Октябрь районунун аймагындагы Ынтымак сейил багында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
"Бүгүнкү күндө адамдын жүзүн таануу функциясы бар 6 видео көзөмөл камерасы орнотулду, Бишкек ШИИБи VPN каналынын жардамы менен 24 саат бою укук бузуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө. Мындан тышкары соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле шаардын башка жерлеринде да жүзүн таануу жана аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар камераларды орнотуу пландалып жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин райондогу ири соода түйүндөрүнө демөөрчүлөр аркылуу 15тен ашык видео көзөмөл камералары орнотулган.