
Кыргызстанда бир аптада
(3-апрелден 10-апрелге чейин) 17 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, 17 адамдын 10у ооруканага жаткырылган.
2022-жылы жана 2023-жылдын 101 күнүндө жалпысынан COVID-19 коронавирустук инфекциясынын 22 миң 101 учуру катталды.