Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Идрис Кадыркулов Киев шаарындагы резиденциясында ишти айкалыштыруу менен Кыргыз өлкөсүнүн Молдова, Болгария жана Румыниядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы тарабынан маалым болду.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей өтсөк, Идрис Кадыркулов Кыргыздын Украинадагы элчиси болуп 2022-жылы 25-январда дайындалган.