Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны онго жетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
10-апрелге карата БШКга арыз менен кайрылган талапкерлердин тизмеси:
1. Булекбаев Эркин Касымович;
2. Кунакунов Максат Касымжанович;
3. Арзыкулов Марат Замирбекович;
4. Нурланбеков Актилек Нурланбекович;
5. Камбаров Мирлан Адилбекович;
6. Иманкулов Бекзат Муратович;
7. Абдылдаев Азат Шералиевич;
8. Калыков Улугбек Абдисатарович;
9. Исмаилова Карачач Джумаевна;
10. Сакиев Нурлан Казыбекович.
Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Ал эми шайлоо 28-майда өтөт.