Бишкектиктер эми кичи автобустардын кайда келе жатканын смартфондон көрө алышат

Эми смартфон аркылуу эле Бишкектеги эл ташыган кичи автобустардын кайсы жерде экенин көрүп турууга болот. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул кызмат "Менин шаарым" тиркемесине кошулган.

"Кошумча функцияны колдонуу үчүн тиркемени жаңыртуу керек же Play Market`теги шилтемеден жүктөп алууга болот. Ошондой эле колдонмо iOS үчүн App Store дүкөнүндө жеткиликтүү. Мобилдик тиркемеден тышкары e-meria.kg порталынын "Коомдук транспорт" бөлүмүндө каалаган маршрутту (автобустар, троллейбустар, кичи автобустар) тандоо менен коомдук транспорттун жайгашкан жерине да көз салууга болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин автобус менен троллейбустардын кайсы жерде бара жатканын билип турууга мүмкүнчүлүк жаралган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан