Диний окуу борборунда окуган кыздарга диний радикализм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Диний окуу борборунда окуган кыздарга диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-апрелде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы диний окуу борборлорунда жана медреседе окушкан кыздар менен жолугушуу өткөрдү. Аталган жолугушууда “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Жаштар арасында диний радикалдашууну жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу” темасындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында суроо-жооптор жүргүзүлүп, суроо берген кыздар толук кандуу жооп алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erma78
2023-04-10 20:11:00
Кыздар бети-башын хиджабка оронуп тумчулоосу радикализмди пайда кылат. Бул жактан кыздар өздөрү жабыр тартышат. Азыр динди курал катары пайдаланып кыздарды ар тараптан кысымга алып, басынтып, эркин тандоосуна, жашоосуна тыйууларды таңуулап, кыздардын инсан катары эркин өнүсүшүнө бут тоскон динчилдер бар. Буга нерселерге тыйуу салыш керек. Диний популизмге ишенбегиле.
0
jam77
2023-04-10 21:51:00
абдан колдоо.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан