Обончу, аткаруучу жана актёр Төлөгөн Мамыров уулдуу болду. Ырчы мырзаны жакшылыгы менен куттуктап ага байланышка чыктык.
"Кечээ, 10-апрелде уулдуу болдук. Ыйык Орозо айында Жараткан мага дагы бир ирет ата статусун ыйгарды. Кубанычыбыз чексиз болуп жаткан кербези.
Уулубуз 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү. Атын чоң ата, чоң энеси жана таята, таенеси койсун деп күтүп жатабыз", - дейт ал.
Эске салсак, Төлөгөн Мамыров 2020-жылы 26-сентябрда сүйүктүүсү Айтурганга баш кошкон. Ал эми 2021-жылы 1-декабрда кыздуу болгон.