Ырчы Төлөгөн Мамыровдун жубайы көз жарды

Обончу, аткаруучу жана актёр Төлөгөн Мамыров кырк жылкылуу болду. Ырчынын жубайы 1-декабрга караган түнү Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарды.

"Бүгүн таңкы саат 4төрдө жубайым көз жарды. Ооруканалардагы карантиндик эрежелерге байланыштуу төрөткө катышкан жокмун. Учурда эне, баланын абалы жакшы. Чоң атасы менен чоң апасына ысым ыйгарууну табыштаганбыз, алардын чечимин күтүп жатабыз", - дейт ырчы.

Төлөгөн Мамыров 2020-жылы сентябрдын аягында сүйүктүүсү Айтурганга баш кошкон. Түгөйлөргө шоумен Кадыр Жарматов өкүл ата болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан