Кечээ, 10-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков ирандык Мехди Валихамзеде аттуу балбанга талаштуу түрдө жеңилип калган.
Беттеш аяктаарына 25 секунд калганда Үзүр Жусупбеков атаандашын 4:4 эсебинде жеңип жаткан. Эч нерсе кыла албай калганын билген ирандык балбан өзү Үзүр Жусупбековду башы менен сүзүп, атайын симуляция жасап, жерге чекесин кармап жыгылды.
Мындан улам калыстар Үзүр Жусупбековду эреже бузду деп эсептеп, ирандык балбанга 2 упай беришти. Жыйынтыгында ирандык балбан симулияция жасоо менен Азия чемпиону болуп кетти.
Ирандык балбандын финалдагы беттеши көпчүлүктү кыжырдантты. Өз кезегинде 2013-жылы Азия чемпиону болгон белгилүү өзбекстандык балбан Рустам Ассакалов ирандык балбанды сынга алды.
"Сөз жок. Бул ирандык балбан кыргызстандык Калидин Асыкеевди дагы Дүйнө чемпиондугунда беле так билбейм, ушундай жол менен уткан. Анда ал аны өлтүргөнү жаткансып кыйкырып жерге жыгылган", - деп жазды Ассакалов.