Нью-Йорктун мэрине кыргыз чапанын Садыр Жапаров бергени маалым болду

Нью-Йорктун мэри Эрик Адамска кыргыз чапаны өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан берилген. Бул тууралуу чапандын дизайн ээси болгон CHAPANSAR студиясынын социалдык тармактагы баракчасына жазылды.

"Чындыгында, Нью-Йорктун мэри Эрик Адамстын президент Садыр Жапаровдун атынан белекке берилген биздин чапанды эл алдына кийип чыкканы бизди таң калтырды жана кубандырды. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү жана бренддерди колдогону үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Нью-Йорк шаарынын мэриясы Эрик Адамстын эл менен жолугушуудагы сүрөттөрүн жарыяллаган. Анда шаар мэри эл менен жолугушууга кыргыз чапанын кийип барганы көрүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан