Жумгалда жапайы тоо эчкини аткан жарандар айыпка жыгылды

Жумгалда рейд учурунда мыйзамсыз тоо эчкини аткан 2 жаранга 100 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, рейддик иш-чаралар министрликтин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Жумгал РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте өткөргөн.

"Өткөн аптада Жумгал районунун Кабак айылынын Дүңгүрөмө участогунан Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унааны токтотулуп, кароо жүргүзгөн учурда мыйзамсыз олжолонгон 1 жапайы тоо эчки жана 2 даана сайлуу ок атуучу куралдар аныкталган. Жеринде акт түзүлүп, 100 000 сомдук доо коюлуп, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Жумгал РИИБне өткөрүлүп берилди" деп айтылат маалыматта.

Мыйзам бузгандар Чүй облусунун тургундары К.И.Л жана М.И.В экени тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан