Жыл башынан бери Орусиянын абактарынан Кыргызстанга 15 адам экстрадицияланды

Быйлкы жылдын биринчи кварталында Орусиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 15 адам Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан башка өлкөнүн аймагында жаза өтөп жаткан Кыргызстандын дагы 25 жаранын экстрадициялоо боюнча иштер жүрүүдө.

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан биздин жарандарды алып келүү боюнча бардык инстанцияларда сүйлөшүү жүрүп жатат. Ушул тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашык кыргыз жараны камакта", - деди Зулушев.

Ошондой эле ал былтыр Орусиядан 33 кыргызстандык экстрадицияланганын кошумчалады.

Расмий маалыматтарга караганда, орус абактарында отурган кыргыз жарандарынын көбү маңзат менен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан