Ак-Ордо жаңы конушундагы үйү түрттүрүлгөн Марал Шаболотовага президент тарабынан үй курулуп жатат деген сөз чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
"Мен барып көрүп кеткенден кийин "Соттогу маселелери чечилгенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киризип тургула" деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү "Ас-Сафа" фондунун өкүлдөрү: "Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз" деп кайрылышкан экен. "Кудай жалгасын" дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп "Ас-Сафа" фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум", - деген Садыр Жапаров.