Аксыдагы жалпы медициналык практика борборунун өрттөн зыянга учураган чатыры калыбына келтирилди. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, оорукана учурда кадимки режимде иштеп жатат.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 13-мартында Жалал-Абаддын Аксы райондук ооруканасынын имаратында өрт чыккан. Анын кесепетинен оорукананын чатыры жабыркаган. Аны калыбына келтирүү үчүн 6 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн болчу.