Бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районунда ысык суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынан маалымдашты.
Мекеме мындай чара оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу каралганын айтты.
Саат 8:30дан 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда ысык суу берүү токтотулат: Көк-Жар кичи районундагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 9а, 10, 11, 18 үйлөрдө, ошондой эле №148 жана №9 бала бакчаларда.
"Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.