2023-жылдагы ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3900 долларды түздү. Бул туурасында муфтияттын маалыматында айтылат.
Ага ылайык, ажыга барууга 1000 доллар төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 2023-жылдын 12-апрелинен 17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) РСК Банкка калган 2900 долларды төлөөсү зарыл.
Белгилей кетсек, Сауд Арабия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлгөн. Былтыр ажылык сапардын баасы 4,5 миң доллар болгон.