Жатын моюнчасынын рагы - бул аялдын жатын моюнчасында, жатындын кынга туташкан төмөнкү бөлүгүндө пайда болгон рак. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жатын моюнчасынын рагы аялдарда көп кездешкен рак оорусу боюнча төртүнчү орунда турат. 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча 570 000 аялга жатын моюнчасынын рак оорусу диагнозу коюлган жана жатын моюнчасынын рак оорусунан улам 311000 өлүм катталган.
Ал эми Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат. Алардын ичинен 300 аял бул оорудан көз жумат. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусунун негизги себептеринин арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки курактагы аялдарда рак оорусунун эң кеңири таралган түрү болуп саналат.
Оорунун келип чыгуу себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору тууралуу Улуттук онкология борборунун онкогинекология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Букуев айтып берет.
- Жатын моюнчасынын рагы деген эмне? Ал кандай оору?
- Жатын моюнчасынын рагы - бул аялдын жатынында жана жатындын кынга туташкан жеринде пайда болгон рак клеткалары. Ал эң көп таралган гинекологиялык-онкологиялык оору болуп саналат. Аталган оору мурда 50-60 жаштан жогору курактагы аялдарда кездешсе, бүгүнкү күнүбүздө жаш кыздарда дагы пайда болгон учурлар кездешип жатат. Бул нерсе оорунун жашарып жатканынан кабар берет. Жатын моюнчасынын рагы, жатын моюнчасындагы дени сак клеткалардын ДНКсында өзгөрүүлөр же мутациялар пайда болгондо пайда болот. Жатын моюнчасынын рагы менен ооругандардын болжол менен 99 пайызы жыныстык жол менен жугуучу инфекция менен байланышкан, бул өтө коркунучтуу папилломавирус (HPV) инфекциясы. HPV инфекциясы тезирээк чечилсе дагы туруктуу инфекция аялдарда жатын моюнчасынын рагына алып келиши мүмкүн. Биздин өлкөдө жылына 5,5 миң адам онкологиялык ооруларга чалдыгып келет. Алардын көбү аялдар. Өлкө боюнча рак ооруларынын структурасында 1-орунду эмчек рагы ээлейт, 2-орунда жатын моюнчасынын рагы турат.
- Оорунун симптомдору тууралуу айтып берсеңиз?
- Бул илдеттин алгачкы стадияларында белгилери билинбеши мүмкүн. Бирок күчөп баратканда төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр байкалат:
Бирок биздин аялдар убагында кайрылышпайт. Качан гана өтүшүп кеткенде дарыгерди эстешет. Жогоруда аталган симптомдорду өзүндө байкаганда ошол замат медицина кызматкерлерине кайрылуусу шарт.
- Дарылоо процесси кандай жүрөт?
- Дарыгердин айтымында, жатын моюнчасынын рагы башка оорулар сыяктуу кабар бербейт. Шишиктин көлөмү бир миллиметрден баштап 10-15 сантиметрге чейин жетет. Оорунун биринчи, экинчи баскычында операция жасоого толук мүмкүн. 3-4 баскычында химия жана нур терапиясы аркылуу дарылашат. Себеби шишик ич майларга тарап кеткендиктен ал жактагы чоң кан тамырларга зыян келтирүүгө болбойт. Тилекке каршы, нур менен дарылаганда айымдардын жумурткалары иштен чыгып, эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
- Рак дегенде эле жашоо бүттү дегендей кабыл алышат. Негизи бул өнөкөттөн толугу менен айыгып кетсе болобу?
- Албетте, мындай диагнозду уккан биздин айымдар өздөрүн таштап коюшат. Мындайда аларга психологиялык жардам берүү маанилүү. Эгерде убагында дарыгерлерге кайрылып, дарылоону жүргүзсө, бардык коюлган талаптарды аткарса бул ооруну жеңип кетсе болот. Ал үчүн биздин борбордо да заманбап шарттар каралган. Мындан сырткары, акыркы иштелип чыккан дары-дармектер да бар. Болгону бейтаптар дарыгерлердин айтканын угуп, туура дарыланышы керек.
Жатын моюнчасынын рагын алдын алыш үчүн адистерден төмөнкүдөй кеңештер берилет:
1. Жылына 2 жолу же 6 айда бир гинекологдун текшерүүсүнөн өтүү;
2. Гармоналдык дары-дармектерди, антибиотиктерди дарыгердин кеңеши менен гана колдонуу;
3. Бутту жылуу кармоо, сууктан коргонуу.
4. Гигиеналык эрежелерди сактоо керек: Бирөөнүн кийимин, бут кийимин, башка буюмун колдонбоо; Бассейнге, мончого барганда жылаңайлак жүрбөй, өзүнүн бут кийимин кийүүсү зарыл.
- Аталган ооруну алдын алуу үчүн өлкөдө эмдөө өнөктүгү башталган болчу. Ал кандай жүрүп жатат?
- Ооруну алдын алуунун жакшы жолдорунун бири эмдөө болуп саналат. Саламаттык сактоо министрлиги 12-14 жаштагы кыздар үчүн адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнү баштаган. Ал акысыз жүрүп жатканын кошумчалап кетким келет. Вакцина 6 айлык аралык менен эки жолу берилет. Бул вакцина ийиндин булчуңуна 0,5 мл дозада гана сайылат. Аталган вакцина дүйнө өлкөлөрүндө да кеңири колдонулуп жатат. Алсак, 2020-жылга карата АПВ вакциналары дүйнөнүн 112 өлкөсүндө пландуу иммунизациялоо программаларына киргизилген. Бул вакцинаны киргизген көптөгөн өлкөлөр эмдөө оорунун оордугуна оң таасирин тийгизерин байкашкан. Австралияда, АКШда, Ирландияда, Финляндияда, Данияда жана башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө АПВнын жогорку онкогендик түрлөрүн жуктуруп алгандардын саны 90 пайызга чейин азайганын көрсөткөн. Себеби АПВнын бул түрлөрү сайылган вакциналардын курамына кирет.