5-апрелде ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурмандар кайрылып, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылына караштуу таштанды полигонуна уйдун шыйрактарын жүк ташуучу унаа менен төгүп жатышканын айтышкан.
Ал кайрылуусунда "тийиштүү органдар иштейби өзү? Малдын шыйрактарын төгүп жатышыптыр, курттап, ысыкта жыттанып айылды каптап жатат. Мындан оору чыкса ким жооп берет, тез арада чара көрүүнү талап кылабыз", - деген.
Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Расул Садыковдун айтымында, таштанды полигонго малдын шыйрактары 2 жума мурун төгүлгөн.
"2 жума мурун унаа менен малдын шыйрактарын төгүп кетишкен экен. Ал дароо алынып, көмүлгөн.
Айыл өкмөткө караштуу муниципалдык ишкана бар. Алар күн сайын график боюнча тиричилик таштандыларын жыйнап алып кетишет" деп билдирди ал.